Кыргызча ▾

Эскирген тазалоо курулмалары. Нарын дарыясынын булганышы

75°56’59″E 41°25’50″N
Кыргызстандын Нарын шаарындагы эски тазалоо курулуштары дренаждык сууга туруштук бере албай, өлкөнүн негизги суу артериясы – бирдей аталыштагы дарыяны булганууда.
Нарын шаарындагы борбордук тазалоо курулушу 1968-жылы пайдаланууга берилген. Проект боюнча тазалоо курулушу биологиялык тазалоо менен курулган, бирок курулуш учурунда региондун климаттык шарттары эске алынган эмес, ушул себептен биологиялык тазалоо пайдаланууга берилгенден бери иштебей жатат.
Учурда болгону механикалык тазалоо жүргүзүлүүдө. Тазалоонун натыйжасы болгону 35-45 % түзөт. Тазалоо курулушунун жалпы абалы канааттандырарлык эмес.
Нарын шаарындагы тазалоо курулуштары экологиялык жана техникалык талаптарга жооп бербейт. Дренаждык сулар болгону механикалык тазалоодон өтүп, бирдей аталыштагы дарыяга төгүлүүдө. Ишкер маалыматка ылайык, Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) канализация системасын жакшыртуу жана учурдагы курулуштун ордуна жаңы тазалоо комплекси куруу үчүн 2 миллион евро өлчөмүндө кредит берген. Жаңы комплекс төрт эсе күчтүү болот. Бирок, дарыяга начар тазаланган канализация суларын төгүү уланууда.
Нарын облусунда 4 тазалоо курулушу бар, алардын ичинен: 1 – канааттандырарлык, 2 – канааттандырарлык эмес, 1 – иштебейт.

Ортолук Азия Университетинин тазалоо курулушу 2014-жылы пайдаланууга берилген. Проекттик кубаттуулугу 100 куб.м/сутка, фактический кубаттуулугу 50 куб.м/сутка. Нарын шаарында бүгүнкү күндө 40 миңден ашык адам жашайт.
0 комментарий
Талкуулайбызбы?

Муну да караңыз:

Продолжая просматривать сайт ecomap.kg вы принимаете правила сайта.
ОК