Кыргызча ▾

Өз ара аракеттенүү

«Ecomap» долбоору Кыргыз Республикасындагы экологиялык окуялар жөнүндө коомчулукка так маалымат жеткирүү негизги максатынын алкагында бардык кызыкдар тараптар үчүн ачык.

Приоритеттүү багыттар:

- Маалымат топтоо. «Ecomap» долбоору ар дайым маалымат алууга ачык. Экологиялык окуя жөнүндө ачык билдирүү же сиздин жеке маалыматтын жарыяланышы терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон учурда анонимдүү түрдө кабар бере аласыз.

- Маалыматты жайылтуу. «Ecomap» долбоору экологиялык кырдаал боюнча так маалыматтарды ЖМКда, социалдык тармактарда жана башка медиа платформаларда жайылтууга кызыкдар. Бул максатта долбоор маалымат чогултуу, анализдөө, фото жана видео документтештирүү жана бардык экологиялык окуяларды системалаштыруу иштерин жүргүзөт.

- Регионалдык ыктыярчылар тармагын кеңейтүү. «Ecomap» долбоору Кыргыз Республикасынын региондорунда экологиялык абалды чагылдырууга кызыккан ыктыярчыларды, жарандык активисттерди жана жалпы эле кайдыгер карабаган адамдарды издейт.

- Долбоордун узак мөөнөттүү туруктуулугу. «Ecomap» долбоору долбоордун узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө жана туруктуулугуна салым кошо турган, менчик түрүнө карабастан каалаган уюмдар менен өнөктөштүккө кызыкдар.
Продолжая просматривать сайт ecomap.kg вы принимаете правила сайта.
ОК