Кыргызча ▾

Мыйзамдар


Жер, анын жер асты байлыктары, аба мейкиндиги, суулар, токойлор, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү, башка жаратылыш ресурстары — Кыргыз Республикасынын өзгөчө менчиги болуп саналат, элдин жашоосу жана ишмердүүлүгүнүн негизи болгон бирдиктүү экологиялык системаны сактоо максатында колдонулат жана мамлекет тарабынан өзгөчө коргоого алынат.


Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 12-статья, 5-пункт.




Ар бир адам жашоого жана ден соолукка ыңгайлуу болгон экологиялык чөйрөгө укуктуу.


Ар бир адамга жаратылыш ресурстарын пайдалануу чөйрөсүндөгү аракеттерден келип чыккан ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыян үчүн компенсация төлөнүүгө укуктуу.


Ар бир адам айлана-чөйрөгө, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүнө аяр мамиле кылууга милдеттүү.


Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 48-статья, 1, 2, 3-пункттар.




Жашыруун кылууга жатпаган маалыматтар:


экологиялык абал, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, саламаттыкты сактоо, санитария, маданият, айыл чарбасы, билим берүү, соода жана коомдук тартипти камсыз кылуу тууралуу маалыматтар;


«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Мыйзамы, 11-статья, 3-пункт.


Продолжая просматривать сайт ecomap.kg вы принимаете правила сайта.
ОК