Кыргызча ▾

Долбоор жөнүндө

Проект «Ecomap» (Экомэп) — Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарындагы «ЭкоМиР» коомдук фондунун интеллектуалдык менчиги болуп саналат. Долбоор коммерциялык эмес мүнөздө жүргүзүлөт жана фонд, анын төрагасы, негиздөөчүлөрү жана/же фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү үчүн киреше табуу максатын көздөбөйт.

Бул карта 24/7/365 режиминде иштеп, долбоордун регионалдык координаторлору тарабынан катталган экологиялык окуяларды чогултат жана көрсөтүп турат.

Бардык экологиялык окуялар фото жана видео документтер менен, окуянын тексттик баяндоосу жана географиялык координаттар менен коштолот.

Юридикалык маселелерден алыс болуу максатында, бул карта баа берүүчү пикирлерди билдирбейт, болгону окуя боюнча документалдык фактыларды сунуштайт.





Коомдук мониторинг: Экологиялык бузулуулар картасы

Бул санариптик чечим Европа Биримдиги каржылаган «Юстицияны мониторинг кылуу – Кыргызстанда адам укуктарын илгерилетүүдө жарандык коомду бекемдөө» долбоорунун алкагында иштелип чыккан.
Долбоор Конрад Аденауэр атындагы фонддун жетекчилиги алдында, Макс Планк фондусу, экологиялык кыймыл «БИОМ» жана аялдардын «Алга» ассоциациясы менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.

Бул сайттагы мазмун Европалык Биримдиктин расмий көз карашын чагылдырбайт, ал автордун жеке көз карашын гана билдирет.



Картада чагылдырылган экологиялык темалар:


Таштанды полигондору


Абанын булганышы


Суунун булганышы


Топурактын булганышы


Токойлордун кыркылышы


Кызыл китепке кирген жаныбарларды атуу (браконьерлик)


Балыкты мыйзамсыз кармоо (браконьерлик)


Радиация


Уулуу химикаттар

Продолжая просматривать сайт ecomap.kg вы принимаете правила сайта.
ОК