Кыргызча ▾

Панфилов району. Панфиловка айылы. Эски пестициддердин талкаланган сактоочу жайы

Координаттар: 42.796078, 73.682012

Панфилов район. Панфиловка айылы. Эски пестициддердин бузулган сактоочу жайы

Сактоочу жай толугу менен бузулган, күчтүү жыт бар, топуракта калдыктары болушу мүмкүн


Республикадагы эң чоң антропогендик таасирге Чүй облусу кабылган. Көпчүлүк сактоочу жайлар бузулган жана мурда сакталган УПнын аймактык жайгашуусу/орду белгисиз. Ошондой эле инвентаризация учурунда белгисиз УПлар менен булганган мурдагы сактоочу жайлардын чоң саны табылган, булганган упаковкалар топуракка, мүмкүн, жер астындагы сууга сиңип кеткен.

Жалпысынан, Чүй облусунда өткөн инвентаризациялардан 96дан ашык участок белгиленген, алардын ичинен 45 участоктун жайгашуусун аныктоо мүмкүн болгон эмес (участкалар мурда сактоочу жай толугу менен бузулган, жыт жок, УП жок, топурактын булганышы тууралуу маалымат жок деп белгиленген). Бул участоктор потенциалдуу коркунучтуу болушу мүмкүн, анткени топурактын булганышы айрым участоктордо олуттуу болушу мүмкүн.

Чүй облусунда 51ден ашык участок текшерилген, өткөн инвентаризацияларда көпчүлүк участоктордун координаттары туура эмес көрсөтүлгөн. Мындай участокторду издөө жергиликтүү өз алдынча башкаруу жетекчилерин жана ГИЭТБ (өкмөт структурасынын реформасынан кийин - ГКЭК) жана ДХЗКРдин аймактык адистерин тартуу менен жүргүзүлгөн. Эски сүрөттөр жана Google Earth Pro аркылуу эски сактоочу жайлардын жайгашуусу аныкталган. Көпчүлүк сактоочу жайларда өткөн маалыматтарга караганда пестициддердин саны аз. УПнын бир бөлүгү участоктордун ээлери алмашканда жоголгон, бир бөлүгү атмосфералык жаан-чачындын таасиринен (сактоочу жайлардын чатырлары бузулганда), металл контейнерлерде сакталган УПлар металлдын кайра пайдалануу кызыгуусун жаратышы мүмкүн.

Текшерүү учурунда толугу менен бузулган сактоочу жайлары бар 21 участок аныкталган, аймакта жыт, УП же топуракта издер жок. Топуракта издердин жоктугу "таза" топурак менен жабылган болушу мүмкүн жана топурактын булганышы жокко чыгарылбайт.
Кайра упаковкалоону жана сактоону талап кылган УПнын жалпы саны 130 куб метрден ашат, мындан тышкары булганган чаң/топурак/курулуш калдыктарынын чоң саны бар (азыркы учурда так саны аныкталган жок, болжол менен 100 куб метрден ашык).

Даже бош сактоочу жайларда химикаттардын күчтүү жыты бар. Сактоочу жайлардын салыштырмалуу сакталган үч пунктун белгилеп өтүү керек:
1) Кант шаарында, АО "МИС" (коопсуздук кызматкерлеринин айтымында А. Жапаровага таандык). Сактоочу жай жакшы абалда, бирок пестициддердин күчтүү жыты бар. Аймак корголгон, бирок сактоочу жайдын эшиктеринде ачкычтар жок. Натыйжада өткөн инвентаризация боюнча пестициддердин бир бөлүгү уурдалган. УПлар бузулбаган упаковкада сакталууда, пестициддердин аталышын окууга мүмкүнчүлүк берет. Чыгымдар паспорту жок.

2) Жаны-Жер районунда, Жаны-Жер айылында, жеке менчикте. Сактоочу жай корголбойт, абалы начар. Өткөн инвентаризацияларда сактоочу жайдын ээсине пестициддерди кайра упаковкалоо жана чыгаруу убада кылынган. Натыйжада, ээсинин жоопкерчилиги жок жана УПдан сактоочу жайларын бошотууну талап кылууда, болбосо ал УПны алып чыгып, жерге көмөт.

3) Предтечен районунда, Предтеченка айылында, ОКХ "Чекир-Суу". Ээсилери сактоочу жайларды өз муктаждыктары үчүн бошотуп, 48 баштык пестицидди жаңы сактоочу жайга (WS-35а) өткөрүшкөн. Транспорттоо учурунда "эки баштык жоголгон". Эски жерде упаковканын калдыктары бар, күчтүү жыт бар, топуракта калдыктары болушу мүмкүн. Эски сактоочу жайдын дубалынан бир нече адам жашап жатат. Эски сактоочу жайга кирүү эркин, инвентаризация учурунда сактоочу жайдын жанында балдар ойноп жатышкан.

Бүгүнкү күндө, эски пестициддерди инвентаризациялоо боюнча мурдагы долбоорлордун көптүгүнө карабастан, улуттук мыйзамга каршы:
• калдыктардын курамы боюнча лабораториялык маалымат базалары жок;
• калдыктар паспорту жок;
• эски пестициддердин калдыктарын мониторинг жүргүзүлбөйт (тек гана эл аралык долбоорлордун алкагында);
• калдыктарды сактоо жана жок кылуу үчүн жооптуу аткаруучу орган жок;
• эски пестициддер боюнча анализдерди жүргүзүү үчүн лабораториялардын потенциалы жетишсиз, СОЗду кошкондо;
• текшерүү органдарында эски пестициддердин курамы боюнча маалымат жок;
• эски пестициддер жайгашкан жерлердеги участок ээлери боюнча кошумча изилдөө жүргүзүү керек.
• жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, текшерүү жана көзөмөл органдарынын кызматкерлерин окутуу керек;
• коркунучтуу калдыктар менен туура эмес мамиле үчүн жоопкерчиликти күчөтүү керек.

Жыйынтык
Стокгольм конвенциясына ылайык СОЗ (6-берене (d) (ii)) СОЗды камтыган калдыктар жок кылынууга тийиш. Эски пестициддерди жок кылуунун экологиялык жактан кабыл алынуучу жолдорун издөөгө калдыктардын так курамы керек. Бул үчүн лабораторияларды жабдуу, персоналды окутуу, ГОСТ ISO/IEC 17025-2019 боюнча аккредитация сертификатын алуу маселесин чечүү керек.

Мындан тышкары, эски пестициддер менен булганган жерлердин абалын туруктуу көзөмөлдөө жана калдыктарды улуттук мыйзам талаптарына жооп берген убактылуу сактоочу жайда кайра упаковкалоо жана жайгаштыруу керек. Кайра упаковкалоо, убактылуу сактоочу жай куруу жана жок кылуу экологиялык экспертизанын оң жыйынтыгы менен коштолушу керек. Бардык калдыктар үчүн ээсилери калдыктар паспорту менен камсыз кылышы керек, коркунучтуу калдыктарды сактоого уруксат алышы керек.

Коркунучтуу калдыктарды сактоо жана жок кылуу процессин экологиялык текшерүү органдарынын көзөмөлүндө өткөрүү керек.
Бул үчүн инвентаризациядан алынган маалыматтарды максималдуу легалдаштыруу процессин баштоо керек.
Өткөн инвентаризациялар эски пестициддерди башкаруу системасын түзүүгө негиз болгон жок. Натыйжада, контролдонуусуз коркунучтуу калдыктардын чоң көлөмү экологияга, жашоого жана эски пестициддер жайгашкан жерлерде жашаган калктын ден соолугуна коркунуч туудурду.

Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустары боюнча эски пестициддерди инвентаризациялоо боюнча толук отчет
0 комментарий
Талкуулайбызбы?

Муну да караңыз:

Продолжая просматривать сайт ecomap.kg вы принимаете правила сайта.
ОК