Урандык таштандылар Кызыл-Жар – 12
41°16’8325″N 71°596774’8734″E
Таш-Кумыр шаарындагы Кызыл-Джар-12 айылында СССР учурунда уран казылып алынган. Бул айылдын айланасындагы жерлердин жогору деңгээлде деградацияланышына, чөлгө айлануу процессинин күчөшүнө, жана дарактардын жок болушуна алып келди. Жерлердин деградациясына каршы оң натыйжалуу практикалардын жоктугу жана жайыттарды туура башкаруунун жоктугу, жыл сайын жаз мезгилинде 20 дан 210 мкР/ч чейин экспозициялык доза күчү менен чаңдуу шамалдардын жана бороондордун күчөшүнө себеп болду. Объекттин жалпы аянты 22,7 миң м2.
Объектте 37 миң м3 көлөмдөгү эки таштанды бар, аларда рекультивациялык иштер жүргүзүлгөн эмес жана консервацияланбаган. Таштанды жана эски инфраструктура жайгашкан аймак 4 га аянтты металл тор менен тосулган.
Мындан тышкары, хвостохранилищаларда чоң көлөмдө кислота бар, ал суу агымдарына өтүп, экологиялык кесепеттерди жаратып, адамдын ден соолугуна таасир эте алат. Булардын бардыгы айылдын тургундарын тынчсыздандырды. Кызыл-Жар-12 айылындагы мурдагы уран шахтасы жана уран хвостохранилищаларында жерлердин деградациясы маселеси бар. Өсүмдүк каптоосун калыбына келтирүү жана уран бөлүкчөлөрүнүн айылдын аймагына жайылышын алдын алуу үчүн, биз уран таштандысынын бир гектарында тосмо орнотууну чечтик. Мындан тышкары, активисттер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жерди бекемдөө үчүн дарактардын көчөттөрүн отургузушту.

Талкуулайбызбы?