Ачык көмүр жүктөө. Көмүр тузанынан абанын булганышы.
41°19’4667″N 72°11’5398″E
Көмүр өнөр жайы экологияга зыян келтирген өндүрүш болуп саналат, бүгүнкү күндө көмүрдү сактоо жана жүктөө уюштуруу биринчи орунда турат. Кыргызстанда катуу отун ачык аянттарда сакталат, ал эми жүктөө ачык терминалдар аркылуу жүргүзүлөт.
Ошол учурда абага көтөрүлгөн көмүрдүн чаңы жүктөө жана сактоо жерлеринде гана эмес, ошондой эле жанына жайгашкан аймактарда да отурукташат, бул жерде көп учурда турак жайлар, социалдык жана балдар мекемелери жайгашкан. Шамалдуу күндөрдө чаң булуттары өтө алыс аралыкка тарап кетет. Жакынкы турак жайлардын тургундары көмүрдүн чаңынан көп жабыркашат, ал чаң ар бир жерге кирип, бети кара катмар менен каптайт, дем алуу жолдорун тыгат. Кара катмар бакчалардагы жана жашылчалардагы отургузууларды да каптайт.
Таш-Кумырдын тургундары көмүрдү жүктөө жана ташуу натыйжасында пайда болгон көмүрдүн чаңына көңүл бурууга көптөн бери аракет кылышууда. Алар маалымат каражаттарына жана ар түрдүү коомдук уюмдардын активисттерине жардам сурап кайрылышууда. Көмүрдү жүктөөчү жайларды шаардан сыртка чыгаруу аркылуу чаң маселесин чечүүгө чоң мүмкүнчүлүк болмок. Бирок, жергиликтүү көмүр компанияларынын билдирүүсүнө ылайык, бул техникалык жана финансылык жактан дээрлик мүмкүн эмес.
Мындай таасирлердин натыйжасында абанын, суунун жана жердин абалы Таш-Кумырдын тургундарынын ден соолугуна терс таасир этет. Адам үчүн көмүрдүн чаңынын коркунучу, дем алуу жолдоруна кирген чаң бөлүкчөлөрү аларда сезгенүү процесстерин пайда кылып, кайтарымсыз кесепеттерди жаратышы мүмкүн.

Талкуулайбызбы?