Кыргызча ▾

Орто-Токой. Семиз-Бел айылындагы табигый таштанды жайы

75°53’53.988″E 42°18’08.519″N

Жергиликтүү тургундардын айтымында, суу сактагычтын жанында Семиз-Бел жана Кочкор айылдарынын таштанды жайы жайгашкан. Ар күнү таштандынын саны көбөйүп, шамал учурунда таштанды суу сактагычка кирип жатат. Суу сактагыч менен таштанды жайынын аралыгы 500 метр. Таштандынын арасында жаныбарлардын туштары бар.

"Орто-Токой айылында диарея менен ооруган балдардын саны көбөйгөндө, изилдөө жүргүзүлгөн. Натижада таштанды жайы себеп болгон деген жыйынтыкка келишти. Таштандынын арасында жаныбарлардын туштары жана терилери бар. Орто-Токой айылынын тургундары суу сактагычтан суу ичишет. Бул аймак Семиз-Бель айыл өкмөтүнө таандык. Ошентип, 1 га жер аренда негизинде таштанды жайы катары бөлүнгөн. Суу сактагычтан 300 метр аралык санитардык зона болуп эсептелет. Суу сактагычтын айланасын тазалоонун ордуна, чоң таштанды жайына айлантышкан.

Адистердин пикири боюнча, стихий таштанды жайы – бул айлана-чөйрөнү булгануунун олуттуу булагы. Таштанды кучасында чирүү процессери жүрүп жатат, бул процесстерге анаэробдук бактериялар катышат. Мындай процесс натыйжасында уулуу биологиялык газ бөлүнүп чыгат, анын бир компоненти метан болуп саналат.
Грунт тереңинен ууланат, жаман жыттуу аба шамал менен алыс аралыкка тарап, эгер таштандынын астында жер астындагы суу болсо, анда алар дээрлик ууланат. Ошентип, жакынкы суу булактары уулуу жана адам үчүн кооптуу болуп калат. Ал эми грунт таштанды жайы жабылган соң бир нече жүз жыл бою колдонууга жараксыз болуп калат.

Стихий таштанды жайларынын өлчөмдөрү катастрофалык ылдамдыкта өсүүдө. Алар уруктуу жерлерди жеп, жергиликтүү флора жана фаунага зыян келтирип, жакынкы айылдарга чейин кеңейип, адамдарды уулантууда. Жергиликтүү бийлик жана кызматкерлердин ТБО жыйноо жана жок кылуу жаатындагы натыйжасыз, эски, моралдык жактан туура эмес саясаты биосфералык аймакта 100дөн ашык таштанды жайынын пайда болушуна алып келди. Алардын бардыгы мындай объекттерди уюштуруу боюнча заманбап талаптарга жооп бербейт. Таштанды жайларына ондон гектарларча сонун жана баалуу жерлер берилген.
0 комментарий
Талкуулайбызбы?

Муну да караңыз:

Продолжая просматривать сайт ecomap.kg вы принимаете правила сайта.
ОК