Ош-Раззаков трассасындагы стихиялуу таштанды жайгашкан жер, Ийри-Сай (Ак-Терек) участогу, Кара-Суу районунун
Координаттар: 40.437629, 72.758299 Чүп таштоочу жайлар экологиялык булгануунун маанилүү факторлорунун бири болуп, табигый компоненттерге: атмосферага, суу булактарына, топуракка, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүнө терс таасирин тийгизет. Топурак бетинде жайгашкан чүп таштоочу жайлар айыл чарба аймактарынан жана биосферадан бир топ жерлерди алып, аларга булгануу заттарын киргизет.
